Нарында сапатсыз курулган спорт залды кабыл алган тиешелүү жетекчилерге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында «ГлавПроектСтрой» ЖЧКсы тарабынан Кочкор районунун Төлөк айылындагы орто мектептин спорт залы курулуш нормаларын жана эрежелерин одоно бузуу менен курулганына карабастан, 2019-жылы Нарын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери бул объектти курулуш нормаларына ылайык деп пайдаланууга кабыл алышкан.
Нарын Капиталдык курулуш башкармалыгы менен «ГлавПроектСтрой» ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн 8 млн 465 миң 306 сомго келишимге ылайык, спорт залдын курулушу 2017-2019-жылдар аралыгында жүргүзүлгөн. Бирок, иш жүзүндө Нарын Капиталдык курулуш башкармалыгы көрсөтүлгөн мөөнөттө подрядчыга 9 млн 774 миң 768 сом которгон.
Соттук-курулуш экспертизасынын корутундусуна ылайык, мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 400 миң сомго жакынды түзгөн.
Бул ишке болгон кошумча зыянды жана бул фактыга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, 13-майда турак-жай жана граждандык курулуш департаментинин алдындагы Нарын райондук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесине ылайык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.