Энелер күнүнө карата райондун аймагындагы 100 жаштан ашкан энелерди Ноокен райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимТаалайбек Ишенбеков куттуктап, майрамдык маанай тартууланып, белектер берилди. Бул тууралуу аталган райондук администрациядан билдиришти.
«Жашоодон көптү көргөн энелерибиз өз акыл-насааттарын айтып, өлкөбүздө тынчтык, бакубат жашоо болуусун каалап, ак баталарын беришти. Жашы эң улуусу Эшиева Мехринса эне 108 жашка, Кулбаева Акыл эне 104 жашка, Шакирова Хасиятхон жана Рашидова Тиллакан энелер 103 жашка, Кулматова Анаркан эне 102 жашка, Умарова Рысалат эне 100 жашка толгон»-деп берилет маалыматта.