28-июнга карата коронавирус дагы 1 миң 81 адамдан аныкталды. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3, Жалал-Абад облусунда – 1, Ош шаарында – 1 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
- Бишкек шаарында – 640,
- Ош шаарында – 71,
- Чүй облусунда – 99,
- Ош облусунда – 58,
- Талас облусунда – 14,
- Нарын облусунда – 17,
- Ысык-Көл облусунда – 28,
- Жалал-Абад облусунда – 91,
- Баткен облусунда – 63.
Ал эми бир суткада 488 адам илдеттен сакайды, бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 123 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 813 адам дарыланууда. Алардын ичинен 2 миң 24 бейтаптын абалы орто оордукта, 926 адамдын абалы оор жана 128 бейтап өтө оор абалда жатат.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 42 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 121 миң 946 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 108 миң 953 киши айыгып чыкса, 1 миң 982 адам каза болду.