Кечээ, Тажик бийлиги 27-июнь күнү кечке жуук өкмөттүк күчтөргө караштуу дагы 17 ооган аскери артка чегинип, чек арадан өтүп келгенин жарыялады. Бул тууралуу Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, Ооганстандын Балх провинциясынын Шахритус районундагы талибдер менен салгылаштан соң артка чегинген 17 ооган чек арачысы курал-жарагы менен качып келген.
“Гуманитардык жана кошуначылык мамилени эске алуу менен тажик чек арачылары аргасыз качкындарды Тажикстандын аймагына өткөздү”, — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.
Өзбекстан болсо Ооганстан менен чектешкен Термез аймагынан качып кирген ооган аскерлерин артка кайтарды.
Белгилей кетсек, 22-июнда Ооганстандын Шерхан-Бандар чек ара бекетин талибдер басып алгандан кийин 134 ооган аскери артка чегинип, Тажикстандын аймагына башпаанек сурап кирип келген. Азыр алар каякта турганы белгисиз. БУУнун Ооганстан боюнча чабарманы Дебора Лайонс 22-июнда талибдер өлкөнүн 370 районунун 50дөн ашуунун басып алганын жарыялаган.