7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бөкөнбаев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин күнү-түнү акысыз WI-FI орнотулду

591

Эркиндик бульварында «Кыргызтелеком» ААКтан бекер WI-FI аймагын ишке киргиз аземи болуп өттү.

Компаниядан билдиришкендей, бул “Жеткиликтүү санарип дүйнө!” социалдык долбоорунун алкагында ишке киргизилген экинчи бекер интернет аймагы.

Борбор калаанын тургундары жана коноктору Эркиндик бульварынын боюндагы Бөкөнбаев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин «Кыргызтелеком» ААКтан бекер WI-FI аймагын күнү-түнү пайдалана алышат.

Белгиленгендей, биринчи бекер WI-FI аймагы сентябрдын башында Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүндө ишке киргизилген.

“Кыргызтелеком» ААК IT компаниясы жана интернет провайдери болуп, биздин жаш муундарды тарбиялоо жана өнүктүрүү жаатында интернет байланышынын артыкчылыктарын билет жана түшүнөт. Ал эми социалдык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында социалдык статусуна карабастан бардык балдар үчүн экономикалык жана жеткиликтүү билим берүү платформаларын камсыз кылат”, — деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

592