7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бүркөлсө күн, кайра эртеси ачылат, Бүркөлбөсүн бирок сенин кабагың!»

1002

Адабий айдың: «Көз жаштарың аксын жалаң бакыттан!»

Турмушуңдун так аткарып талабын,
Турсун дайым жаздай жаркып жамалың.
Бүркөлсө күн, кайра эртеси ачылат,
Бүркөлбөсүн бирок сенин кабагың!

Тартуулап көп тагдыр таттуу жемишин,
Түк сезбегин көңүл чөгүп, кемишин.
Жашоо өзү турат дешет сыноодон,
Жароокерим, арбын болсун жеңишиң!

Татынакай селким, сенден өтүнүч,
Таалайыңдан алсаң экен көп үлүш.
Салтанаттуу күн көп болуп өмүрдө,
Сага такыр жолобосун өкүнүч!

Жалаң гана кубанычта атып таң,
Жан болбосун сулуу көзүң жашыткан.
Айтарым бир: акса дагы көз жашың,
Ал көз жаштар аксын жалаң бакыттан!

Көз жаштарың аксын жалаң бакыттан.

Автор: Максат Жангазиев

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1003