7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү Москвада кармалды

3789

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү Москвада кармалды. Бул тууралуу “Осторожно новости” каналы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ кечинде Ростокинонун «Европолис» соода борборунун унаа токтотуучу жайына кызыл желектер менен 30 машина чогулган. Алар жосунсуз жоруктарын баштап, ат минип, унаалары менен желектерди көтөрүп элди үндөп жатышты. Мындай кылыктарына корккон москвалыктар полицияга телефон чалышкан. Бул чакыруудан кийин полициянын 3 отряды келип 37 жаштагы Эмил Бекиевди жана анын досторун кармашкан. Ал Кыргызстанга белгилүү ырчы экенин айтып, жаңы клип тарттырып жатканын айткан. Бекиевди бөлүмгө алып келишкенде укук коргоо органдары анын ырчы эмес экенин аныкташкан.

Москвада полиция кыргызстандыктардын акциясынан кийин мигранттарды жапырт кармоого өттү.

Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” улутчул кыймылынын мүчөсү парламенттик шайлоого талапкер Эмил Жайчиевди колдоо акциясын өткөргөн.

Катышуучулар издөөгө алынып, түн ичинде 15 адам кармалган. Бекиевге коомдук аракеттерди бузгандыгы үчүн протокол түзүлүп, дагы үчөөнө иммиграция мыйзамдарын бузган деп айыпталган.

Учурда полиция калган катышуучуларды издеп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3790