7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тыныбекова: «Турмушка чыгайын дегем, спорт мени коё бергиси келбей жатат»

970

«Бириккен күрөш дүйнөсү» уюму балбан кыз Айсулуу Тыныбекова менен маек курду. Маекти өзүнүн расмий ютуб каналына жарыялады.

Бул маекте Айсулуу өзү тууралуу жана ички сезимдери тууралуу бөлүшкөн.

«Күрөш спортунда жүргөндө  жашоомду, жаштыгымды жоготуп жаткандай сезиле берчүмүн эмнегедир. Жеңилүү ызаларын тартып калган учурлардан кийин менден мыкты спортсмен чыкпайт деп дагы ойлойт элем. Бирок, менин машыктыруучум жеңилүүлөрдү  чоң ийгиликтерге ачыла турган жол катары айтып, дем берип турчу. Бул дем жан дүйнөмө чоң ишеним жаратып,  үмүттү бекемдеп турду.

2017-жылы Дүйнөлүк чемпиондугунда  колумдан алган жаракатыма карабай  беттешке чыктым. Ал беттеште коло байге алгандан кийин кадимкидей чоң ишеним пайда болду да, жараатыман арылсам Дүйнө чемпиону болоорума толук ишеним жаралды”  — деди спортчу кыз.

«Кыргызстанда кыздар арасында биринчи спорттон байге алган мен болдум. 2016-жылы ошол Олимп оюндарында коло медалга да жеткен эмесмин. Менимче, өткөндөн сабак алганды билишибиз керек экен. Өткөн күндөрдү артка кылчайып анализдеп, андан ары жашообузду улантышыбыз керек. Жеңилүүлөрдү көтөрө билишибиз зарыл. Жашоо — бул күрөш. Ар бир адам өз алдынча күрөшөт. Олимпида оюндарында алтын албай калгандагы сезимдеримди ошол эле күнү жок кылдым, ал эми күмүш медалды алтындан жогору кабыл алдым. Анткени, Кыргызстан, кыргыз эли мени колдоду. Кайсыл жерде, канчанчы орун алсаң да, адам бойдон калышың керек. Мен ойлогондон да абдан чоң колдоо таптым. Чынында оюндун алдында алтын медаль алам деп ишенгем. Алтын медалды багындырган соң, спорттук карьерамды жыйынтыктап турмушка чыгып, өзүмдүн жеке иштерим менен алек болоюн дегем. Бирок, чоң спорт мени коё бергиси келбей жатканын билдим. Мен ошол үчүн жеңил кабыл алдым. Баарын салмактап көрүп, кийинки Олимпиадага катышайын деп чечтим», — деди спортчу кыз Тыныбекова.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында алтын медаль жеңип, дүйнөнүн эки жолку чемпиону аталган. Ошондой эле Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси болгон.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

971