УКМК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин пайдасына үгүттөө фактыларын аныктады.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 10-ноябрында УКМК кызматкерлери “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон бөлүмүнүн башчысы “С.А.О.” тарабынан “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан талапкер “М.Т.А.нын” пайдасына үгүт иштерин жүргүзгөн.
Базар-Коргон районунун ИИБ жана Тез жооп берүү координациялоо тобунун кызматкерлерине бул факты боюнча материалдарды өткөрүп беришип, 10-ноябрда маалымат журналына каттаган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында “С.А.О.” тарабынан үгүттөө фактылары тастыкталган, бирок, Жоруктар жөнүндө кодексинин 871-беренесинин 2-бөлүгү боюнча текшерүү аракеттери токтотулган.
Ошону менен бирге Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын башчысына “С.А.О.” «катуу сөгүш» тартиптик жазасын жарыялаган.
УКМК алдыдагы Жогорку Кеңешине шайлоону укуктук талаанын алкагында өткөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо.
УКМК нөөмөт бөлүмүнүн телефону: Бишкек (0312) 62-05-85
Ошондой эле күнү-түнү иштеген аймактык башкармалыктардагы ишеним телефондорго кайрылсаңыздар болот:
Чуй облусу: (0312) 54-07 19:
Жалал-Абад облусу: (03722) 5-60-49;
Ысык-Көл облусу: (03922) 5-11-80;
Ош облусу: (03222) 2-30-78;
Талас облусу: (03422) 5-20-43;
Баткен облусу: (03622) 5-00-33.
Нарын облусу: (03522) 5-08-49;