21-23-июнь күндөрү Республика аймагында жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтерди тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чаралары өтөт.
ИИМден билдиришкендей, жалпы республика боюнча 5 миңдей милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоого тартылат.
Ички иштер органдарынын кызматкерлери иш-чара өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздашат. Өлкө ичинде орун алган жалпы билим берүү мекемелеринде, коомдук жайларда, көчөлөрдө милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшөт.
«Иш-чара өткөрүлүүчү күндөрү коомдук эс алуучу жайларда, калктуу аймактардан сырткары жайларда милиция кызматкерлеринин кайгуулдары күнү-түнү уюштурулуп, жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү ата-энелери менен биргеликте топтошуп көңүл ачуусуна бөгөт коюлат. Бул көрүлүп жаткан чаралар бүтүрүүчүлөрдүн ар кандай терс көрүнүштөргө аралашуусун, жол кырсыктарына дуушар болуусун алдын алууга багытталган»- деп берилет маалыматта.