7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы коррупция. Дагы эки жаран кармалды

685

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин мурдагы орун басары жана министрликтин Чүй облустук башкармалыгынын азыркы директору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Бул кылмыш иши Коррупция боюнча «Кумтөр Голд Компани» ЖАК тарабынан жаратылышты коргоо долбоорлоруна бөлүнгөн каражаттарды максатсыз пайдалануу, коррупциялык схеманы уюштургандыгы боюнча, министрликтин кызмат адамдарына жана «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» коомдук фондунун жооптуу кызматкерлерине карата козголгон.

15-июнда долбоорлорду кароо жана аларды бюджеттен каржылоо боюнча эксперттик комиссиянын туруктуу мүчөсү болуп, «Ак-Жол автодорожный» текшерип өткөрүү пунктунан К.Т.К. өлкөдөн чыгууга аракет кылуу учурунда кармалса, 18-июнда анын милдеттерине долбоорлорду тандоо жана комиссиянын кароосуна коюу функциялары кирген эксперттик комиссиянын катчысы «Манас» эл аралык аэропортунан кармалган.

Аталган адамдар, комиссиянын мүчөлөрү акча каражаттарын бөлүштүрүүдө мамлекеттин кызыкчылыгына каршы жеке долбоорлорду алардын жеке кызыкчылыгы болгон жерде киргизип турушкан. Натыйжада аффилирленген чарба жүргүзүүчү субъекттерге өзгөчө ири өлчөмдөгү бюджеттик каражаттар мыйзамсыз бөлүнгөн жана эсептен чыгарылган.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

686