7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баңгиликтин кесепети эмнеге алып барат? УКМК ролик тартты

456

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстанда синтетикалык баңгизаттарды таратуу фактылары көбөйгөнүн маалымдайт.

Азыркы учурда, комитет бүткүл өлкө боюнча баңги заттарды өндүрүүчүлөрдү/таратуучуларды жок кылуу боюнча активдүү иш алып барууда. Заманбап синтетикалык дары — бул ар бир адам үчүн эң коркунучтуу «капкан». Өзгөчө, 25 жашка чейинки өспүрүмдөр жана жаштар арасында тобокелдик көбүрөөк болуп саналат.

Андыктан, ата-энелерге балдарынын кызыкчылыктарын көзөмөлдөөгө, алар менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле синтетикалык баңги заттарды колдонуунун коркунучтуу кесепеттери жөнүндө көбүрөөк маалымат берип туруу сунушталат.

Эгерде сиз же сиздин жакындарыңыз баңгичиликке байланыштуу жардамга муктаж болсо, анда төмөнкү анонимдүү ишеним телефонуна кайрылсаңыздар болот: 118. Комитеттин жетекчилиги дагы бир жолу эскертет, химиялык баңгизаттарын кабыл алуу кайтарылгыс кесепеттерге алып келет жана аларды өндүрүү/тараттууга катыштыгы бар тараптар мыйзам тарабынан катуу жазаланат!

457