Оор кылмыш үчүн соттолгон жаран милиция кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-июнда болжол менен түнкү саат 20:00до Ысык-Ата районунда жайгашкан Юстиция министрлигине караштуу мекемелердин бирине белгисиз адамдар тарабынан тосмодон уруксат берилбеген предметтер ыргытылган. Мекеменин ичиндеги тыюу салынган аймагынан 983 грамм 330 миллиграмм болгон гашиштин чайыры табылган.
26-август күнү кылмыш ишинин алкагында берилген тергөө тапшырмасына ылайык, Жазаларды аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгына жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар жаран 2000-жылы туулган К.А. жеткирилген.
Бирок, тергөөнүн жүрүшүндө байланышка соттолгон жана жазасын өтөп жаткан жаран чыгып, маселени оң жагынан чечүү жана тууганын (баңгизатты ыргытууга шектелип кармалган жаран К.А.) кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу үчүн ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерине ири суммадагы акча каражатын сунуштаган.
26-август күнү ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкеринин билдирмеси боюнча Жазаларды аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголгон.
Ушул эле күнү Бишкек шаарында жайгашкан кафелердин биринде ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын улук ыкчам кызматкерине 150,000 сомду накталай берип жаткан жеринен ортомчулук кылган жаран 1990-жылы туулган Х.Д. кармалган.
Такталган маалымат боюнча пара берүүнү укук коргоо органдарынын кызматкерлерине куралдуу кол салуу жана адам өлтүрүүгө аракет кылуу үчүн соттолгон жана жазасын өтөп жаткан жаран уюштурган.
Учурда ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.