7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баалуу металлдарды мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган чет элдик жарандар кармалды

916

Баалуу металлдарды мыйзамсыз алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-апрелде «Манас» Эл аралык аэроптортунда Ош-Бишкек багыты боюнча учууга аракет кылып, бажы көзөмөлүнөн өтүү учурунда М.Л.К., М.Т.Т., Н.Н.К. жана М.Н.К. аттуу Өзбекстандын жарандарынан сары металлдан кол өнөрчүлүк менен жасалган буюмдар табылган. Болжол менен алтындан жасалган бул кол чынжырчалардын салмагы 1925,22 граммды түзөт.

Белгилей кетсек, аталган жарандар Өзбекстандан Кыргызстандын аймагына «Достук» өткөрүү пункту аркылуу мамлекеттик чек араны кесип өтүп, алтын буюмдарын мыйзамсыз алып өтүшкөн.

Азыркы учурда шектүүлөр кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда сотко чейинки тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

917