Баткенде 44 жаштагы жаран каналга боюн таштады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында Баткен облустук кургак учук менен күрөшүү борборунан З.Р. аттуу 44 жаштагы жаран качып чыгып (мас абалында), Батырканов атындагы каналга боюн таштаган.
Айтылган дарекке 12 куткаруучу тартылып, сууга аккан жарандын жансыз денесин бир-туугандарына өткөрүп беришкен.