7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

12 млн сомдук баңгизатты алып бараткан киши кармалды

466

Эл аралык баңгизат тобунун мүчөсү кармалып, андан «Мефедрон» баңги каражаты алынды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Чүй облусунун Пригородное жана Достук калктуу конуштарынын ортосундагы «Манас аэропорту – Бишкек шаары » авто жолунда Кыргызстандын 1995-жылы туулган жараны кармалып, 2 килограмм болгон «Мефедрон» синтетикалык баңги каражаты табылды. Анын 1 граммы базар баасында 6 миң сомду түзөт, жалпысынан табылган жүктүн наркы 12 млн сомго жетет. Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Бүгүнкү күндө синтетикалык бангизаттардын жаңы түрлөрүн, белгилүү бир акчалай сый акы үчүн таратууну жана сатууну уюштурууда анонимдүүлүктү камсыз кылган байланыш методдорунун динамикалуу өнүгүүсүнө байланыштуу жаштардын көпчүлүлүгү азгырылууда. УКМК ата-энелерди өз балдарына карата сак болууга, алардын убактысын жана айлана-чөйрөсүн көзөмөлгө алууга жана түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүүгө чакырат.

 

467