7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баатыр энелердин пенсиясына 5000 сом кошулабы?

589

Бүгүн, 7-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасында баатыр энелер үчүн ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып, кабыл алынды.

Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Камила Талиева, Марлен Маматалиев.

Жыйында баяндама жасаган депутат Камила Талиева токтом долбоору КРнын Конституциясынын 19-беренесине ылайык баатыр энелердин жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

«1000 сом эч нерсеге жарабай калды. Ошондуктан өкмөткө пенсиянын үстүнө 5000 сомдон кошуп берүүнү сунуштап жатабыз. Алар бюджетке карап чечим чыгарып беришет»,- деди Талиева.

Тагыраагы, баатыр энелер үчүн ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмү жашоо минимумунун суммасынын үчтөн экисинен кем эмес көбөйтүү КРнын Министрлер кабинетине сунушталууда. Депутат белгилегендей көп балалуу энелерге пенсиясына кошумча беш миң сомдон төлөп туруу сунушталат, учурда алар миң сомдон гана кошумча акы алышат.

Талкуу учурунда депутат Мирлан Самыйкожо 7 балалуу баатыр энелерге пенсия курагына чейин кандай социалдык төлөмдөр берилерин жана жеңилдиктерди тактады.

 

590