Орусиянын Воронеж шаарында шаурма үчүн дайындалган 70 тонна кооптуу тоок эти аныкталды. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазып чыкты.
Эки ишканада маркировкасы жок мөөнөтү өтүп кеткен эттер табылып, цехтерде мигранттар мыйзамсыз иштешкени аныкталган. Эт азыктары облустун тез татым жайларына жеткирилип турган.
Суммасы 15 миллион рубль болгон эт жүгүртүүдөн чыгарылды. Цехтерде иштеген үч чет элдиктин ар бирине 5 миңден айып салынып, Орусиядан чыгарылат. Күнөөлүүлөр 6 жылга чейин эркинен ажыратылып, бир миллион рублга чейин айып пул төлөшү мүмкүн.