7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шайлоого катышуу үчүн эки талапкер арыз берди

452

Борбордук шайлоо комиссиясына №2 Баткен жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга арыздар түшө баштады.

БШКдан кабарлашкандай, №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү менен талапкер Алимберди Бегматовдон арыз келип түшкѳн. Ал 1983-жылы туулган. КР чек ара коомунун жетекчиси. Ал эми №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча ѳзүн-ѳзү кѳрсѳтүү менен талапкер Ганишер Бадаловдон арыз келип түшкѳн. Ал 1971-жылы туулган, жеке ишкер.

Эскерте кетсек, президент аталган эки бир мандаттуу шайлоо округудары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2024-жылдын 28-апрелине дайындаган. Депутаттыкка талапкерлерди каттоо 26-мартта аяктайт.

 

453