КР Куралдуу Күчтөрүнүн №30670 аскер бөлүгүндө Мекенди коргоочулардын күнү жана Ооган согушунун ардагерлерин эскерүү күнүнө карата «Ачык эшиктер күнү» өттү.
Иш-чарага Ооган согушунун ардагерлери жана райондук мектептерден келген 200гө жакын окуучу катышты. Окуучуларга аскердик техника, курал-жарактар тааныштырылып, машыгуулар жана концерттик программа уюштурулду.
Майор Алымбек Абдимомунов патриоттук тарбия тууралуу сөз сүйлөп, штаб башчысы майор Санжарбек Карасартов активдүү окуучуларды грамоталар менен сыйлады.



