7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жанар Акаев А.Навои атындагы парктагы ишкерлердин маселелерин жеринде укту

408

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев
тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте, ишкерлердин кайрылуусунун негизинде А. Навои атындагы парк аймагына барып, парктын ичиндеги көйгөйлөрдү жеринен көрүп чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Шаар башчысы парк аймагында соода-сатык жайларын иштетип жаткан ишкерлер жана жаңы объектилерди куруп жаткан тараптар менен жолугуп, алардын ортосунда жаралган пикир келишпестиктердин себептерин тактап, бардык тараптардын жүйөлөрүн укту.

Мэр өз сөзүндө шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарт түзүү, ишкерлердин укуктарын коргоо жана шаар аймагындагы тартипти сактоо башкы приоритет экенин айтып, маселени мыйзам чегинде, адилеттүү жана ачык-айкын чечүү зарылдыгын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, буга чейин паркты ирээтке келтирүү жана анын көрктүүлүгүн арттыруу максатында эски соода күркөлөр алынып, аймак тазаланып, жаңы көчөттөр отургузулган. Аталган иштер шаар тургундары үчүн коопсуз, таза жана заманбап эс алуу жайын түзүүгө багытталган.

409