7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Баатырларыбызды тосуп алалы!» ӨКМдин куткаруучулары эртең Түркиядан кайтып келишет

679

Түркия мамлекетиндеги жер титирөөнүн очогу – Кахраманмараш жана Хатай шаарларындагы издөө-куткаруу иштерин аткарып жатышкан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар тобу эртең, 21-февралда келишет. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 02:30да жана таңкы 09:00дө “Манас” эл аралык аэропортуна конушат.

Белгилей кетсек, Түркияга Кыргызстандан барган 170тен ашык куткаруучулар, медиктер жана психологдор иштеди. Мындан тышкары, Кыргызстандын бийлиги Түркияга гумжардам дагы жөнөткөн.

Акыркы маалыматтар боюнча, кыргызстандык куткаруучулар уранды алдынан 12 тирүү адамды жана 185 сөөктү алып чыгышкан.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

680