7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Багбан багына кирген уйларга азот берип өлтүргөн. Малдын ээси арыз жазды

3401

Кечээ, интернет желесинде бакка кирген уйларга азот берип жаткан багбандын тасмасы таркаган. Көп узабай ичтери көөп өлү жаткан уйлардын сүрөтү жарыяланды. Багбан бул тасманы атайын тартып, малыңарды жэакшылап көзөмөлдөп алгыла бакка кирсе, ушундай болот деп чакырык таштаган. Ал бир нече алма көчөттөрү сынганын да айткан.  Сөздөрүнө карап окуя Ош облусунун Ноокат районунда болгонун болжолдоого болот. 

Бүгүн, 21-октябрда Ош ОИИБинин маалымат кызматы, уйлардын ээси милицияга арыз менен кайрылып, 140 000 миң сомго чыгым болгонун, багбандын үсүнөң чара көрүп берүүнү өтүнгөнүн билдирди.

«Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагынын Жийде айылынын тургуну 47 жаштагы М.Г кайрылып, 17-октябрь күнү саат 16:00 дөр чамасында Жийде айылына караштуу үлүш жеринде ошол эле айылдын тургуну «Н» аттуу жаран 2 уюн даары берип өлтүрүп, ага жалпысы болуп 140 000 сомдук материалдык чыгым келтиргенин билдирдии.
Аталган арыз Ноокат РИИБне катталып,  Жазык Кодексинин 210-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Окуя 17-октябрь күнү саат 12:00 дөр чамаларында болгон. Уйлардын бири 4 жашар, экинчиси 7-8 жашта болгон.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3402