7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган айтышта Акматбек Султан уулу баш байгени багындырды

1322

Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган айтышта Акматбек Султан уулу баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 16- майда эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына карата өткөн эл аралык айтышта төкмө акын Акматбек Султан уулу баш байгени жеңип алган. Байгени Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов тапшырды.

Министр сыйлык тапшыруу алдында учурда төкмөлүк өнөрдү өркүндөтүүгө мамлекет тарабынан колдоо үзгүлтүксүз улана турганын айтып, мындай айтыштар башка аймактарда да өткөрүлө тургандыгын белгилеп өттү.

Эске салсак аталган иш — чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Улутту «Манас» театры жана Республикалык «Айтыш» коому биргеликте уюштурулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1323