Каракол шаарында “Мен чемпионмун” республикалык кышкы оюндары өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты минисрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-28-декабрь күндөрү Каракол шаарында Кыргызстандын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептеринин тарбиялануучуларынын арасында “Мен чемпионмун” республикалык оюндары өтөт.
“Мен чемпионмун” мелдештери спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлөт:
1. Лыжа спорту слалом;
2. Хоккей;
3. Лыжа жарышы;
Мелдештин жеңүүчүлөү жана байгелүү орундун ээлери тиешелүү даражадагы медалдар жана дипломдор менен, ошондой эле акчалай сыйлыктар менен сыйланышат. Байге фонду 1 050 000 сомду түзөт.
1-орун — 200 000 сом;
2-орун — 100 000 сом;
3-орун – 50 000 сом.
Белгилей кетсек, мелдеш Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана спорт федерациялары менен биргеликте өткөрүлөт.