19-декабрда Бишкектеги «Асанбай» маданият үйүндө өзгөчө ыкма менен айтыш өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары кабарлады.
Маалыматка ылайык, айтыш эң алдыңкы технологияларды колдонуу менен өтөөрүн жана ата-бабаларыбыздын баа жеткис мурасын сактоо жана жаңылоо максатында уюштурулуп жатканын билдиришти.
Иш-чаранын негизги максаты мурастарды заманбап дизайнда чечмелеп, салтты урматтоо менен башкаларга тартуулоо экенин белгилешти.
Ал эми калыстар тобунун курамына кыргыз эл артисти Саламат Садыкова, эмгек сиңирген артист, төкмө акын Амантай Кутманалиев жана манасчы Рысбай Исаков болот.г
Белгилей кетсек, айтыш учурунда Curltai Folk YouTube каналында көрүүчүлөр онлайн добуш бере алат. Жалпы байге фонду 500 миң сом.