7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалды

970

Талас облусунун Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүндө бюджеттик каражаттарды уурдоо боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бакай-Ата бөлүмүнүн жетекчилиги бөлүмдүн айрым кызматкерлери менен тил табышып, кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, мектеп жана бала бакча кызматкерлеринин эсебине аванс катары мыйзамсыз акча которгону аныкталган.

Эсептөө палатасынын аудитордук корутундусуна ылайык, Бакай-Ата билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери мектеп жана бала бакча кызматкерлеринин карточкалык эсептерине 11 млн сом өлчөмүндө мыйзамсыз акча которушкан.

Бул факт боюнча Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Б.Т. кармалып, Талас облусунун ИИБ УКЖсына киргизилди.

Азыркы учурда башка тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча ыкчам – тергөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө.

971