Депутат Бактыбек Райымкулов 8-мартта жөө жүрүштөр өткөнүн айтып, бул боюнча тартипке келтирүү керектинин белгиледи. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«8-мартта болгон көрүнүш буга чейин 2019-жылы Бишкек шаарында өтүп келсе, быйыл Ош шаарында дагы өттү. Мындай көрүнүштү качан тартипке келтиребиз? Бул боюнча карабай тим койсок бара-бара ар бир райондордо, айылдарга чейин жетет. Бул боюнча батыштын кызыкчылыгын колдогон бейөкмөт уюмдарынын ишин көзөмөлдөө боюнча мыйзам долбоорун киргизгенбиз. Мыйзам долбоору үчүнчү окууда турат. Мындай көрүнүштөр кыргыздын баалууктарын жок кылат», — деди ал.