Бүгүн, 11-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улугбек Садиков Ошто газдын туруктуу берилбей жаткандыгын баса белгиледи.
«Ош шаарында быйыл газ туруктуу берилген жок. Баасын арзандата албасак да, туруктуу берилип турушун камсыздашыбыз керек. Өкмөт ушул маселени көзөмөлгө алуусу шарт», — деди ал.
Муну менен катар электромобилдерди Кыргызстанга ташыган ишкерлерди колдоого чакырды.