7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бакыт өргөөсү оңдолууда, бирок нике каттоо уланып жатат

495

Бакыт өргөөсүндө салтанат залы оңдолуп, никени каттоо биринчи кабатында жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

15-майдан тартып никени салтанаттуу түрдө каттоо залы оңдоо иштерине байланыштуу бир айга жабылган. Ошол эле учурда кызматкерлер имараттын биринчи кабатында никени салтанаттуу түрдө каттоону улантышууда. Жарандарды кабыл алуу адаттагыдай эле саат 9:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары, жарандар төмөнкү кызматтар боюнча кайрылса болот:

  • Туулгандыгын каттоо жана «Балага сүйүнчү» жөлөкпулуна кайрылуу тариздөө
  • Аты-жөнүн өзгөртүү
  • Асырап алуу
  • Күбөлүктөрдүн дубликатын алуу
  • Идентификациялык жеке номерди (ИЖН) ыйгаруу
  • Ажырашууларды каттоо.

Эскерте кетсек никени каттоо үчүн калкты тейлөө борборлоруна да кайрылса болот.

 

 

 

 

 

496