7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бал тууралуу такталбаган маалыматтарды жайылтууга тыюу салынат. Жаңы эрежелер

318
Балдын дарылык касиеттери тууралуу такталбаган маалыматтарды жайылтууга тыюу салынат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин тиешелүү жобосунда айтылган.
Аталган документте аарычылык тармагын жөнгө салуу жана балдын коопсуздугу менен сапатын камсыз кылуу үчүн жаңы эрежелер бекитилди. Аларга ылайык, аары фермасы жана бал челек милдеттүү түрдө каттоого алынып, идентификациядан өтөт. Челектер ачык түстө (көк, сары, жашыл, кызгылт сары) боёлуп, номер берилип, жалпы санынан кеминде 10 пайыз кошумча уюк болушу зарыл.
«Көчмө аары фермалары гречка, күн карама же беде өскөн аймактарда жайгашып, башка фермалардан 1,5-3 чакырым аралыкта болушу керек. Алар ветеринардык паспорт жана жергиликтүү бийликтин уруксатын алышы шарт. Жаңы алып келинген аарылар изоляцияланган жайда 30 күндүк карантинден өтөт», — деп жазылган документте.
319