7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бала бакчада наристенин сабалышы. Негизсиз чечим чыгарган милиция жазаланат

787

Бишкектеги бала бакчада наристени сабоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратурадан билдиришти.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан Б.Г. аттуу жарандын №94 балдар бакчасынын тарбиячысы анын 3 жаштагы баланы сабагандыгы тууралуу кайрылуусу боюнча Октябрь РИИБнын кылмыш иш козгоодон баш тартуу жөнүндөгү материалдарын текшерип чыкты.

Материалдарды карап чыгуунун жыйынтыгы менен №94 балдар бакчасынын тарбиялоочусу өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда үч жашар баланын денесине эч бир себепсиз залал келтирип, анын дене боюнун жана психикалык жактан өнүгүүсүнө коркунуч келтиргендиги аныкталган. Бирок, Октябрь райондук ИИБнын тергөөчүсү текшерүүнүн жыйынтыгы менен бала бакчанын тарбиячысынын аракеттеринде кылмыштын курамы болбогондугуна байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартып, материалдарды укук бузуулар жөнүндө кодекстин алкагында кароого жөнөткөн.

Тергөөчүнүн аталган чечими райондук прокуратура тарабынан жокко чыгарылып, жаш баланын денесине залал келтирүү фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 187-беренеси (баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Ошондой эле, негизсиз процессуалдык чечим чыгарууга жол берген Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнын кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

788