7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Бала ырысы” жөлөк пулуна бир күндө 14 миңден ашык арыз түштү

192

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 6-мартындагы №104 «Үч жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пулду киргизүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында 2026-жылдын 1-июлунан тарта «Бала ырысы» ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пулуна арыздарды кабыл алуу башталды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Түндүк» ААК менен биргеликте жүргүзүп жаткан иштин алкагында бир күндүн ичинде жалпы 14 миң 318 арыз түшкөнүн билдирди.
Анын ичинен 13 миң 782 арыз жөлөк пулду чектөө үчүн кабыл алынып, жалпы көрсөткүчтүн 96,2 пайызын түздү.

Маалыматка ылайык, арыздардын 12 миң 205и мобилдик тиркеме аркылуу, ал эми 1 миң 577си кагаз түрүндө берилген. Бул процессте министрликтин аймактык башкармалыктары жана «Түндүк» ААКтын кызматкерлери жарандарга мобилдик тиркеме аркылуу арыз берүүгө көмөк көрсөтүштү.

Жалпы арыздардын ичинен 536сы кабыл алынган жок. Мунун негизги себеби катары мамлекеттик маалыматтык системалардагы жана  ресурстардын дал келбестиги көрсөтүлдү.

Министрлик учурда келип чыккан техникалык жана маалыматтык тоскоолдуктарды жоюу жана жөлөк пулду алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында тиешелүү мамлекеттик органдар жана техникалык операторлор менен ыкчам иш алып барып жатканын билдирди.

193