7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Балаңызды аябайсызбы?». Өз өмүрүн кыюуну чечкен келин куткарылды

623

Ошто милиция кызматкерлери көп кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылган кызды куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-январда милицияга кыз көп кабаттуу үйдүн балконунда ылдый секирүүгө аракет кылып жатканы жөнүндө билдирүү түшкөн.

Келин турмуштук кыйынчылыктардан улам өз өмүрүн кыюуну чечип, жашап жаткан үйүнүн балконунун тосмосунан ашып чыкканда, өтүп бара жаткандар көрүп калган.

Окуя болгон жерге Ош шаарынын милиция кызматкерлери тез арада жетишип, ал жердан ӨКМ кызматкерлери жана тез жардам дарыгерлери менен биргеликте ыкчам иш алып барышып, кыздын балкондон ылдый секирип кетүүсүнө мүмкүнчүлүк бербей, кызды өлүмдөн сактап калышты.

624