«Унаа» мамлекеттик мекемесинин адистери кармалды. Алар баштапкы документтери жок 600дөн ашык унаа каражаттарын өлкөнүн аймагына каттоого алышкан.
УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында бажы жана башка төлөмдөрдөн качуу максатында автотранспорт каражаттарын айдап өтүү менен алектенген жеке адамдар менен макулдашып, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин айрым кызматкерлери тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схема аныкталды.
«Аталган ишкананын адистери коррупциялык схеманы уюштурушуп, жеке адамдар кузовдун жана кыймылдаткычтын айрым тетиктерине деп жамынып алышып, алдоо жолу менен унааларды алып келүү менен алектенишкен. Бул аларга бажы жыйымдарын кыйла азайтууга мүмкүндүк берген. Бирок ушундай жол менен алынып келинген унааларда каттоого туруу үчүн баштапкы документтери болгон эмес. Буга карабастан, «Унаа» мамлекеттик ишканасынын адистери материалдык пайда табуу максатында акыркы бир нече жылдан бери Кореядан автотранспорт каражаттарын алып келүү менен алектенген жеке адамдар менен “тил табышып”, документтери жок 600дөн ашык унаа каражаттарын өлкөнүн аймагына каттоого алышкан. Натыйжада, мамлекеттик бюджетке миллиондогон долларлык зыян келтирилген»,- деп билдиришти УКМКдан.
Коррупциялык схемага катыштыгы бар экени аныкталып, 29-январда «Унаа» мамлекеттик ишканасынын адистери камакка алынган.