7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Баластан» оюн-зоок борбору ишке киргенде, гид кызматын роботтор аткарат

199

Талас шаарында “Баластан” заманбап оюн-зоок борборунун курулушу активдүү жүрүп жатат.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, аталган оюн-зоок борбору Талас шаарынын Шамбетов көчөсү №70 дарегинде жайгашып, жалпы аянты 17 миң чарчы метрди түзөт.

 

 

“Баластан” оюн-зоок шаарчасынын алкагында инновациялык музейлер, лабиринттер, боулинг залы, кинотеатрлар, ошондой эле балдардын интеллектуалдык жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган борборлордун курулушу каралган. Долбоордун өзгөчө багыттарынын бири — жасалма интеллект менен жабдылган 5–6 роботту орнотуу. Бул багытта учурда Кытай тарап менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Келечекте роботтор гид катары кыргыз тилинде кызмат көрсөтмөкчү.

Учурда кыш мезгилине карабастан, курулуш иштерине 115 адам тартылган.

Белгилей кетсек, Талас облусунда жүрүп жаткан бардык ири курулуш объектилери Эгемендүүлүк күнүнө карата толук бүткөрүлөт.

Эске салсак, 2026-жылы Эгемендүүлүк күнү Талас облусунда республикалык деңгээлде белгиленет.

 

 

200