7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Москвада Жусуп Абдрахманов тууралуу тарыхый фильм тартылууда

326

Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири Жусуп Абдрахманов тууралуу “Жусуп” аттуу толук метраждуу тарыхый-драмалык фильмди 2025-жылдын 1-июлунан тарта өндүрүшкө жиберди.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, учурда тартуу тобу Москва шаарындагы “Москино” кинопаркында натуралык кадрларды тартып жатат.

Белгилей кетсек, бул кыргыз киночулары үчүн аталган кинопаркта тартылган алгачкы көркөм фильм.

Тартуу иштерине Россиянын белгилүү актерлору жана Казакстандын актеру катышууда.

Фильмдин бет ачары 2026-жылдын август айында өтүп, ал Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдыгына арналат.

     

327