Учурда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев мектептерди ачуудан кооптонуп турганын билдирди. Бул тууралуу маалыматты ал бүгүн 1-декабрда өткөн брифингде билдирди.
«Санитардык-эпидемиологиялык кызмат дагы ачпай турууну айтып жатат. Бир класста 50дөн ашык бала отурушу мүмкүн. Мектептерде жалпы 70 миң окуучу окушу керек. Бирок биздин мектептерде окуучулардын саны 170 миңге чейин жетет. Балдар ооруп калышса, ооруканаларда орундар жок. Кантип ачабыз?», — деди ал.