Айсулуу Тыныбекова Азиянын мыкты балбаны аталды. Бул тууралуу UWW Asia уюму билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган уюм грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер арасында мыкты балбандарды тандаган.
Спортчу кыз Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азиянын мыкты балбаны аталды.
Ал эми эркин күрөш боюнча ирандык Хасан Яздани, грек-рим күрөшү боюнча ирандык Мохаммад Реза Гераеи мыкты деп табылды.
Белгилей кетсек, балбандарды сыйлоо аземи 2022-жылдын 19-24-апрелинде Монголиянын Улан-Батор шаарында өтөт.