7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук концепциясы бекитилди

683

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясы жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Документке ылайык, улуттук коопсуздугуна келтирилген коркунучтарды алдын алуу, бөгөт коюу жана нейтралдаштыруу боюнча күч-аракеттерди бириктирүү жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана ушул чөйрөдөгү эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында, «Улуттук коопсуздук жөнүндө» Мыйзамдын 10-беренесине жана Коопсуздук кеңешинин 2021-жылдын 26-ноябрындагы № 4 «КРнын Улуттук коопсуздук концепциясынын долбоору жөнүндө» чечимине ылайык токтом кылынат:

  • Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясы бекитилсин.
  • Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен өз ара аракеттенип, Концепцияны ишке ашырууга багытталган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана кабыл алсын.
  • Министрлер Кабинети, министерликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар: — практикалык иште жана Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын камсыз кылууга тийиштүү ченемдик укуктук актыларды жана башка документтерди иштеп чыгууда Концепциянын жоболорун жетекчиликке алсын; — Концепцияны ишке ашырууну камсыз кылсын.
  • Министерликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары эки айлык мөөнөттө тиешелүү чөйрөлөрдөгү коопсуздуктун максаттуу индикаторлорун аныктоо менен кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилдерге улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун тармактык, региондук жана ведомстволук программаларын (доктриналарды, концепцияларды, пландарды) иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы менен макулдашуу боюнча аларды бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине белгиленген тартипте киргизсин.
  • Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Концепциянын жоболорунун жана иштелип чыккан программалардын ишке тартылган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өз убагында жана толук аткарылышын туруктуу негизде координацияласын жана мониторинг жүргүзсүн.
  • Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы № 120 «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун Концепциясы жөнүндө» Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

684