7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балдар үйүндө каза болгон Якуниндин ишин Президент өз көзөмөлүнө алды

842

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова бүгүн, 21-июнда, Военно-Антоновка балдар үйүндө каза болгон өспүрүм Игорь Якуниндин бир тууганы Богдан Якунин менен жолугушту.

Жыпариса Рысбекова Богдан Якунинди учурда окуянын бардык жагдайлары комиссиялык кароодон өтүп жатат деп ишендирип,  бул каргашалуу окуяга жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилиги караларын белгиледи.

Ошондой эле Игорь Якуниндин өлүмү боюнча тергөө иштери Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин баса белгиледи.

Эске салсак, жакында Богдан Якунин Мамлекет башчысына видео-кайрылуу жасап, бир тууган иниси Игорь Якуниндин балдар үйүндө каза болушу жөнүндөгү ишти көзөмөлгө алууну суранган.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал | Седьмой канал (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

843