7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өтө катуу баш ооруйт экен… Журналист Назгүл Насиева коронавирус менен ооруп жатканын айтат

17031
«Ооруганыбызга алты күн болду, Эң баштапкы белгилери өтө-өтө каттуу баш ооруйт экен, чыйрыгып үшүп, алың кетип шалдырап, ичиң өтүп, кусуп, сөөк муундар тим эле ооруп, температура көтөрүлүп, кайра түшүп бир калыпта болбойт, жөтөл бир аз болгон, азыр жок. Алгачкы күндөрү тамакты жакшы эле жеп аттым, үч күндөн кийин аппетит жоголду, 4 кг 800 гр арыктапмын.
Бүгүнкү абал: суюктук көп ичкен үчүн, эрте менен эки бөйрөгүмө күч келди окшойт, бир капталдан экинчи капталыма оодарыла албай оор болду. Сөөктөрүмдөн бир бутум ооруп турат), башымдын оорусу да басаңдап калды. Чыйрыгуу аз-аз бар. Тамакка табит дале жок. Алсыроо, чарчоо баштапкы күндөрдөй эле турат. Жыт, даам сезүү жок.
ЭТИЯТ БОЛУҢУЗДАР! МАСКАЧАН, ПЕРЧАТКИ МЕНЕН ЖҮРСӨҢӨР ДЕЛЕ ВИРУС ЖУККУСУ КЕЛСЕ, ЖУГА БЕРЕТ ЭКЕН. КАЧАН, КАЕРДЕН, КИМДЕН ЖУККАНЫ БЕЛГИСИЗ.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

17032