Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын айынан кыргыз тарап 1 миллиард 305 миллион сом чыгымга учураган. Бул тууралуу ӨКМдин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруучулар башкармалыгынын жетекчиси Ырыспек Жолдошбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде сүйлөп жатып чек арадагы жаңжалда 220 объект, 138 үй талкаланганын кабарлаган.
«Биздин маалымат так. Комиссиянын мүчөлөрү кол койгон акт дагы бар. 1 миллиард 305 миллион сом — бул акыркы жыйынтык», — деди ал.
Эске салсак, 11-майда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Марат Хажиматов Лейлек районунун тургундары 1 миллиард 457 миллион 837 миң сом чыгымга учураганын билдирген. Бирок ӨКМдин өкүлү анын берген маалыматы так эмес экенин белгиледи.