Бишкекте көңүл ачуу жана тамактануу жайларынын иш убактысы боюнча киргизилген чектөөлөр кайрадан жокко чыгарылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов ресторан бизнесинин өкүлдөрү менен жолукту. Алар миңдеген бишкектиктер мурдагы режимде иштөөсүн улантсын деген өтүнүчүн билдирген.
Ордуна ишкерлер залдарды 50 пайызга гана толтуруу, аралыкты сактоо, бет кап тагынуу сыяктуу эрежелерди бузбай кармануу милдетин алышты. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен эпидемияга каршы ыкчам комиссиянын жыйыны өтүп, мүчөлөр бул чечимди колдоду.
Эскерте кетсек, чектөөлөр 17-июндан тарта киргизилип, рейд жүрө баштаган. Бишкекте рейддер улантыла бермекчи.