7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров ЕРӨБнын Борбор Азия боюнча региондук директору Нил Маккейн менен жолугушту

445

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбор Азия боюнча региондук директору Нил Маккейн менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы Нил Маккейнди Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жакында өткөн 30 жылдыгы менен куттуктап, ЕРӨБ өлкөдөгү өнүгүүнүн бардык негизги багыттары боюнча долбоорлорду ишке ашырууда олуттуу колдоо көрсөтүп келе жаткан Кыргызстандын ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү экенин белгиледи.

“Кыргызстандагы чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Биз мамлекеттин өнүгүшүндө чет элдик инвестициялардын ордун жана маанисин жакшы түшүнөбүз. Ошондуктан, өлкө Президенти болуп шайлангандан бери, мен инвесторлорду ар тараптан колдоону жактап келем», — деп билдирди Мамлекет башчысы.

Баарлашуунун жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров Нил Маккейнди Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу болгон секторлордогу — энергетика, тоо-кен жана жеңил өнөр жайы, санариптештирүү, айыл чарбасы, туризм тармактарындагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык ресурстарды активдештирүүгө жана мобилизациялоого чакырды.

Өз кезегинде Нил Маккейн Мамлекет башчысына ЕРӨБдүн президенти Одиль Рено-Бассонун саламын айтып, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү бойдон кала берерин белгиледи. Өлкө эгемендигин алгандан бери ЕРӨБ грант түрүндө да, насыя катары да жалпысы 1 миллиард АКШ долларынан ашык каражат салды.

Белгилей кетсек, Нил Маккейн ЕРӨБ өзгөчө инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган реформаларды ар дайым колдоп келгендигин баса белгилеп, Кыргызстан менен активдүү кызматташууну улантууга даярдыгын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

446