Кече, 20-июндан тартып Бишкек, Ош, Токмок шаарларына жергиликтүү кеңешти кайра шайлоонун үгүт иштери башталды.
Бишкек шаарында 18 партия, Ош шаарында 9, Токмокто 6 партия каттоодон өткөн. Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарында 17 партия катышат деп БШК маалымат берген болчу. 20-июнга карай даагы бир партия кошулгандыгы маалым болду.
«Партиянын арызын карап чыгып, депутаттардын өзгөртүлбөгөн тизмесин эске алып, Бишкек АШК “Айкөл Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону чечти«, -деп маалымдайт БШК.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзам боюнча шайлоонун жокко чыгарылышына алып келген талапкерлер кайра шайлоого катыша албайт. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Ош шаарындагы жыйында, кайра шайлоого катышууга арыз берген талапкерлердин тизмесинде, мурда добуш сатып алууга айыпталган талапкерлер бар экендигин, ага АШК комиссиясы сөзсүз чара көрө тургандыгын айткан.
20-июнь Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кушубак Ниязбеков Ош шаардык кеңешине 763 талапкер арыз берип, 76сы документтери толук болбой жана башка ар кандай себептер менен шайлоодон четтегенин билдирген. Анын ичинде мурдагы шайлоодо мыйзам бузууга «Ата Журт-Кыргызстан» жана «Улуттар Биримдиги» партияларынан 14 талапкер айыпталган. Алардын тизмеси алгач ачык эле жарыяланган менен, көп өтпөй АШК чечимин артка кайтарып алганы айтылды. Ошондой болсо да, эске алып коюучу жагдайлар бар болгондуктан тизмени ачык сунуштайбыз.
Ал эми Бишкекте жалпы 18 партиядан 1371 талапкер арыз берип, 1258и тизмеге катталып, 113 талапкер ар кандай себептер менен каттоодон четтетилген. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов, 113 талапкердин ичинен добуш сатып алууга айыпталган бир дагы талапкер жок экендигин, дегеле кайра шайлоого мыйзам бузган талапкер аттанбагандыгын айтат.
«Каттоодон четтетилген 113 талапкердн ичинде добуш сатып алууга айыпталгандар жок, көбүнчө документтери кечиккен же туура эмес берилгендер шайлоодон четтетилди. Ал эми мурдагы шайлоодо добуш сатып алууга айыпталган «Ак бата», «НДПК» партиялары өздөрү эле шайлоого катышуудан баш тартты«, -дейт Маматов.
Бүгүн, 21-июнда Бишкек аймактык комиссиясы БШКнын кеңсесинде 18 партияга түз эфирде чүчүкулак өткөрдү. Анда «Ата-Журт Кыргызстан партиясы бюллетенде №-1 болду.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Эске сала кетсек, апрелдеги жергиликтүү кеңешти шайлоо Бишкек, Ош, Токмок шаарларында нааразычылыктар менен коштолуп, добуш сатып алууга айыпталгандар болгондуктан, кайра шайлоо 11-июльга дайындалган.
Шайлоонун бузулуусуна Бишкек шаарынан 107, Ош шаарына 170, Токмок шаарына 39 даттануу жана арызы келип түшкөндүгү себеп болгон.
Бул ирет, үгүт иштерине 20 күн гана каралган. Ал кече, 20-июндан башталды. Шайлоочулар өзүнүн тизмесин 2-июлга чейин текшерип алса болот.