18-ноябрдан тарта Балыкчы — Кочкор жолунун 39-90 жана 42-90-чакырымына чейинки бөлүгүндө (Кубакы ашуусуна чейин) жол жабылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдирди.
Маалыматка караганда, 18-декабрга чейин курулуп жаткан «Балыкчы — Кочкор» темир жолунун 37-43 чакырымдарында жардыруу иштери жүрмөкчү. Иштер дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү саат 8:00дөн 17:30га чейин жүргүзүлөт.
Ишкана айдоочуларга сапарга чыгардын алдында маршрутту пландап алууну эскертти.