7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балыкчыда сууга түшүп кеткен балдарды куткарган Амантур Бакиров сыйланды

546

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Балыкчы шаарында муз алдына түшүп кеткен балдарды куткарып калган милициянын участкалык ыйгарымдуу өкүлү милициянын улук лейтенанты Амантур Бакировду сыйлоо тууралуу буйрукка кол койду.

Министрдин буйругу менен милициянын участкалык ыйгарымдуу өкүлү милициянын улук лейтенанты Амантур Бакиров «Каармандык» медалы менен сыйланды.

Сыйлыкты алуу үчүн Амантур Бакиров атасынын ИИМдин ардагери отставкадагы милициянын подполковниги Давлетбаев Кермакун агабыздын коштоосунда келди.

Сыйлыкты министрдин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов тапшырып, Амантурга чың ден-соолук, иштерине ийгилик, жумушунда эң бийик жетишкендиктерге жетүүнү каалады. Жана Амантурга кайрылып, «Сиздин атаңыз күбө, он жылдан ашык тажрыйбасы бар кызматкерлер татыктуу болуп, ушундай сыйлыктын ээси болушчу. Бирок сиз жаштыгыңызга карабай, жан аябас каармандык менен болгон ишиңиз үчүн бул сыйлыкка татыктуусуз»,- деди.

Эске сала кетсек, кырсык 8-январда Балыкчы шаарында, муз каптаган көлмөдө болгон. 10 жана 12 жаштагы балдар көлмөдө муз тээп жатып, муздун астына сууга кирип кетишкен. Окуя жөнүндө билдирүү Балыкчы ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн. Окуя болгон жерге милициянын ыйгарымдуу өкүлү Амантур Бакиров кесиптештери менен биринчилерден болуп барышкан. Өзүн жип менен байлап, ал балдарга жетип, суудан алып чыгууга жетишкен.

Милициянын ыйгарымдуу өкүлү Амантур Бакировдун өз убагындагы, сабаттуу жана жан аябас иш-аракеттеринин аркасында кырдаал оңунан чечилген. Балдар жабыркаган эмес.

Белгилей кетсек, бул Амантур Бакировдун биринчи каармандык жан аябас аракети эмес, ал буга чейин да кызды сууда чөгүп, жанын кыймакчы болуп жаткан жеринен сактап калган болчу.

 

547