7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балыкчыдагы чуулгандуу окуя. Ага-ини милиционерлер убактылуу кармоочу жайга киргизилди 

783

Балыкчыда жашы жете элек кызды сүзүп кеткен окуя боюнча иликтөө иштери уланып, ага-ини Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу УКМК маалымдады.

Резонанс жараткан бул окуя Балыкчы РИИБнин кызматтык унаасынын катышуусунда болгон.

Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев жана анын иниси (мурдагы милиционер) Бекзат Казаковго кылмыш-жаза кодексинин 144-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген жосун деген айып тагылган. Кырсыкка кабылган 11 жаштагы окуучу учурда реанимацияда.

Бул окуя боюнча тергөө иштери уланууда.

784