7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балыкчыга камера орноткондор 3 миллион сомду өз чөнтөктөрүнө салып алышкан

463

«Балыкчы шаарына видео байкоону орнотуу» долбоорун ишке ашырууда кызматкерлердин жумуштун наркын жасалма жогорулатуу менен мамлекетке үч миллион сомго жакын зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу маалыматты Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы билдирди.


Мекеме берген маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясы менен «Н.С» ЖЧКсынын ортосунда 2018-жылы аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 10 миллион сомго жакын суммада келишим түзүлгөн.


«Бул объект боюнча аппараттык-программалык комплекстер 7 миллион сомго жакын суммага сатып алынган, бирок аткарылган жумуштардын актысында наркы эки миллионго көбөйтүлүп эсептелген. Ошондой эле кошумча нарк салыгы кошулуп көрсөтүлөт. Бирок ал компания жумуш тапшырылган учурда салыктын ушул түрүн төлөгөн эмес. Мыйзамсыз иш-аракеттердин кесепетинен мамлекеттин бюджетине ири суммада, үч миллион сомго жакын зыян келтирилген», — деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

464